0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай каржылоо багыттары

Арзан ипотека

Жаңы тандоо талаптары 2023-жылдын 15-февралынан кийин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн колдонулат, 2023-жылдын 14-февралына чейин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Тартиптин редакциясы колдонулат.

ЖАРАНДАРДЫН КАТЕГОРИЯСЫ

Ишинин чөйрөсүнө карабастан, эмгек/чарба/ишкердик менен алектенген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары.

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу (эгерде жогоруда көрсөтүлгөн айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

4. 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

5. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

ПРОГРАММАНЫН ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

МИК АРКЫЛУУ ДАЯР ТУРАК ЖАЙДЫ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ БАСЫҢЫЗ

 

ПРОГРАММА ТАНДОО КРТЕРИТЕРИ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

 

KFW ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КРЕДИТТЕР

Кредиттер «РСК БАНК» ААК, «Коммерциялык БАНК КЫРГЫЗСТАН» ЖАК жана «КЫРГЫЗ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК-Кредиттик БАНК» ЖАК (KICB) АРКАЛЫК ӨНӨКТӨШ БАНКТАР АРКЫЛУУ КЕЗЕКСИЗ БЕРИЛЕТ.

Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары аймактарда ипотекалык кредиттер. 

Пайыздык чен: жылдык 8%

Баштапкы төгүм: турак жайдын баасынан 20% жогору

Мөөнөтү: 15 жылга чейин

KFW ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ

ҮЛҮШТУК ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШ

Катышуучулардын тандоо талаптары, анын ичинде өлкөнүн чектеринен сырткары жерлерде иштеген жарандар

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу.

4. Программага катышуу үчүн электрондук арыз МИКтин электрондук порталы аркылуу берилет.

Ипотеканын предмети:

Үлүштүк курулуштун шарттарында турак жай курулуш

Пайыздык чен жана турак жайдын баасы:

Турак жай курулуштун сметасына аныкталат. Смета бекитилгенден кийин сайтта баасы жана пайыздык чени жайгаштырылат

Ипотеканын мөөнөтү:

15 жылга чейин

Баштапкы төгүм:

Сатып алынуучу турак жайдын наркынан 50% кем эмес