0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Учурдагы каржылоо жөнүндө маалымат

Учурдагы каржылоо жөнүндө маалымат

"Менин үйүм 2021-2026" Программасын каржылоо

Өлкөнүн бардык аймактарында “Жеңилдетилген ипотека” (жылдык 4%) багыты боюнча банктар аркылуу ипотекалык кредиттерди берүү токтотулду. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында “Арзан ипотека” (жылдык 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү убактылуу токтотулду. 

“МИК” ААКу финансылык ресурстарды Программанын алкагында жеткиликтүү турак жайларды курууга колдонуудо. Бишкек шаарында курулуш иштери башталды, курулуштун кийинки этабы өлкөнүн аймактарында улантылат. Аяктагандан кийин курулган турак жай ушул эле тизме боюнча өнөктөш-банктардын катышуусуз “МИК” ААКан түздөн-түз сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

Ушул эле учурда, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, өлкөнүн аймактарында  иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) KfW Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасында турак жай каржылоо” программасы боюнча өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык кредиттер кезексиз берилип жатат. Өнөктөш-банктар:  “Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк” ЖАК, “РСК Банк” ААК жана “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК.

Кредиттин шарттары: 15 жылга чейин; жылдык 8%;  сатып алынуучу турак жайдын наркынын 20% дан кем эмес баштапкы төлөм Кененирээк