0312610662

Турак жай каржылоо багыттары

Социалдык ипотека

Жаңы тандоо талаптары 2023-жылдын 15-февралынан кийин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн колдонулат, 2023-жылдын 14-февралына чейин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Тартиптин редакциясы колдонулат.

ЖАРАНДАРДЫН КАТЕГОРИЯСЫ

1. Жарандар - мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда 15 жылдан ашык жалпы иш стажы бар кызматкерлер:

- төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда жалпы иш стажынын 15 жылдан кем эмес болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жана коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 5 (беш) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү;

- акыркы 2 (эки) жыл ичинде катышуучунун никеси бузулган учурда катышуучунун мурунку жубайында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 2 (эки) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйдүн жана турак үйгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу.

2. Иштеген чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери) көп балалуу үй-бүлө (21 жашка чейинки 5 баладан кем эмес):

- төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- 21 жашка чейинки курактагы 5-тен кем эмес баланын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү

3. Ишинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткан адамдар же үй-бүлөсүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар барлар:

- 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү

4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган). Жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер (никеде турбаган), иштегенинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери):

- 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү

5. Иштегенинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери), айыл жергесинде жаш адистер:

- Программага катышууга арыз берген учурда 21 жаштан  28 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү;

- турак үй айыл жергесинде иштеген жери боюнча сатылып алынат.

6. Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматчылары (Турак жай саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин чечимине ылайык):

- 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

7. 2006-2007-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлердин күнөөсү боюнча ВИЧ-инфекция менен ооруган балдар (Турак жай саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык кеңештин чечимине ылайык):

- 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;

- 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;

- катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

- катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

 

ПРОГРАММА ТАНДОО КРТЕРИТЕРИ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

3) Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден 60 км радиустагы аралыкта же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чек арасынын чегинде сатып алынат

МИК АРКЫЛУУ ДАЯР ТУРАК ЖАЙДЫ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ БАСЫҢЫЗ