0312610662

Программага катышуучу болуу үчүн өтүнмөнү кантип тапшырабыз?

Программага катышуучу болуу үчүн өтүнмөнү кантип тапшырабыз?

КАТТОО БОЮНЧА НУСКАМА

БАСЫП КАТТОО БОЮНЧА НУСКАМАНЫ ЖҮКТӨП АЛЫҢЫЗ

Бүгүнкү күндө жарандар үйлөрүнөн чыкпай эле, уюлдук телефон аркылуу да, ипотекалык насыя алуу үчүн арыз бере алышат. Электрондук порталдын жардамы менен МИК 24 саат, жумасына 7 күн, кардарлардын жанында туура кол астында болот.

 

1. Ачылган баракчада "Каттоо" баскычты басыңыз;

2. Бардык керектүү блокторду толтуруңуз (3 блок), андан кийин - "Сактоо" баскычты басыңыз;

3. Катталгандан кийин порталда Сизге жеке кабинет ачылат жана сиз жазган номерге убактылуу сырсөз менен SMS жөнөтүлөт;

4. Жеке кабинетиңизге кириңиз, ИННиңизди жана убактылуу сырсөзүңүздү колдонуп (сырсөз биринчи киргенде эле өзгөртүлүш керек);

5. Эгерде сиз үйлөнгөн болсоңуз жана жашы жете элек балдарыңыз бар болсо, "Үй-бүлө туралуу маалымат" бөлүмүндө үй-бүлө мүчөлөрүн тууралуу маалыматты толтуруңуз;

6. Андан ары, кызматтар үчүн төлөш керек, жеке эсеп менен сумма "Кызматтарга төлөө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн;

7. Андан кийин катталган профилиңизди ырасташыңыз керек, сиз жана жолдошуңуз жеке маалыматыңызды издөө үчүн макулдукту бериш керексиз;

Жеке маалыматыңызды издөө үчүн макулдук Balance.kg мобилдик тиркеме аркылуу берилет;

  • Balance.kg тиркемесин жүктөңүз (жолдошуңуз өзүнчө жүктөйт);
  • Balance.kg тиркемесинде онлайн-идентификация процедурасынан өтүңүз;
  • Balance.kg тиркемесинде “Мам” менюсунда “МИК катто” баскычты басыңыз, жолшдошуңуз “МИК: Жолдошунун макулдугу” баскычын басат.

8. Профилди ырастагандан кийин, "Менин өтүнмөлөрүм" бөлүмүндө "Өтүнмө кошуу" баскычын басып, кошумча маалыматтарды киргизип, текшерүү үчүн өтүнмөнү "МИК" ААКна жөнөтүү керек. Өтүнмөнүн статусу "Текшерүүгө жөнөтүлдү" болушу керек 

9. Салыктарды жана КР Социалдык фондуна төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун кызматкерлери жеке кабинетининдеги "Менин документтерим" бөлүмүндөгү иш стажын аныктоо үчүн, акыркы 12 ай үчүн эмгек акысынын маалымкатын жана башка эмгек ишмердүүлүгүнүн бар экендигин тастыктаган документтерди тиркейт.

Мамлекеттик турак жай программаларын тандоо критерийлерине ылайыктуулугун текшерүгө мамлекеттик органдардан электрондук маалыматтарды сурап алуу үчүн жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдук керек. Макулдукту бергенден кийин, мамлекеттик органдардан маалымат суроо үчүн акы төлөнүш керек. Элкарт Мобайл, Элсом, MegaPay, Balance.kg жана РСК 24 сыяктуу электрондук төлөө кызматтары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Сиз мамлекеттик органдардан төмөнкү маалыматарды суроо үчүн төлөйсүз:

- үй-бүлөлүк абалы;

- иш стажы;

- турак жайдын жок же бар экендиги.

Бир адам үчүн маалымат суроо кызматынын баасы 179 сом, анын ичинен:

- 20 сом – туруктуу SMS билдирүү;

- 2 сом - паспорттун маалыматтары жана үй-бүлөлүк абалы;

- 157 сом - турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат.

Мурда жогорудагы маалыматты ырастоо үчүн бир нече документтердин топтомун чогултуу керек болчу, эми Сиз баарын бир баскычты басып ырастап жатасыз. Мындан ары баасы бир адамга 150 сомдон 200 сомго чейин болгон, дагы бир маалымкат алуу үчүн кезекке туруунун кажети жок.  

"Менин үйүм 2021-2026" Программасына катышуу үчүн, арыздар ОНЛАЙН түрүндө https://portal.gik.kg шилтемеси аркылуу кабыл алынат.

Видеонускама