0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Суроолор жана жооптор

Суроолор жана жооптор

МИКтин порталына кантип катталабыз?

https://gik.kg/kg/become_member/ шилтемеси боюнча өтүп каттоо боюнча нускама менен таанышып чыксаңыз болот

 

Кызматтар үчүн кантип төлөйм?

Бир адам үчүн маалымат суроо кызматынын баасы 179 сом, анын ичинен:

- 20 сом – туруктуу SMS билдирүү;

- 2 сом - паспорттун маалыматтары жана үй-бүлөлүк абалы;

- 157 сом - турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматы тарабынан коюлган баа.

https://gik.kg/kg/become_member/ шилтемеси боюнча өтүп төлөө боюнча нускама менен таанышып чыксаңыз болот

 

"Арызыңызды кайра толтуруңуз" - Эмне кылыш керек?

Жеке кабинетиңизге кириңиз "Менин өтүнмөлөрүм" бөлүгүн ачасыз, андан кийин "Аракети" басыкычын басасыз - "Статус тарыхы" - бул жакта жазылган эмнени жаңыртыш керек

https://gik.kg/kg/become_member/ шилтемеси боюнча өтүп каттоо боюнча нускама менен таанышып чыксаңыз болот

Үлүштүк курулуш боюнча суроолор

Үлүштүк курулуш

Бул механизмдин негизги максаты,  мигранттарды жана башка жарандарды турак жай менен камсыз кылуу, турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.

Үлүштүк курулуш механизми боюнча кантип арыз берилет?

- “МИК” ААКнын электрондук порталы аркылуу https://gik.kg/ru/ катталуу зарыл.

Ким үлүштүк курулуштун катышуучусу боло алат?

- Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак жайы жок болгон жаран, анын ичинде мигранттар.

Үлүштүк курулуш механизминин шарттары?

- Батирдин наркынан 50% башиапкы төгүм:

- калган сумма 15 жылга чейинки мөөнөткө ипотека боюнча төлөнөт.

Турак жайдын наркы жана пайыздык чени?

- Турак жайдын наркы жана ипотека боюнча пайыздык чени долбоордук-сметалык документтерге (ДСД) ылайык аныкталат.

Механизм качан ишке киргизилет?

- Долбоорду ишке ашыруу жазында Бишкек шаарында башталат. Кийинки этап региондордордо болот.

Үлүштүк курулуш жөнүндө маалыматты кантип алууга болот?

- Маалымат “МИК” ААКнын расмий сайтында https://gik.kg/ru/ жана колл-центр аркылуу жеткиликтүү.