0312610662

Турак жай каржылоо багыттары

Жеңилдетилген ипотека

Жаңы тандоо талаптары 2023-жылдын 15-февралынан кийин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн колдонулат, 2023-жылдын 14-февралына чейин программага катышууга электрондук арыз берген катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Тартиптин редакциясы колдонулат.

ЖАРАНДАРДЫН КАТЕГОРИЯСЫ

Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда эмгектенген жарандар.

 

ПРОГРАММА КАТЫШУУЧУЛАРЫН ТАНДООНУН ЖАЛПЫ КРИТЕРИЯЛАРЫ

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу (эгерде жогоруда көрсөтүлгөн айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

4. Жалпы эмгек стажы 2 (эки) жылдан кем эмес же ушул уюмда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы болгондо (айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

5. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

ПРОГРАММА ТАНДОО КРТЕРИТЕРИ БОЮНЧА ЭСКЕРТҮҮЛӨР

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

МИК АРКЫЛУУ ДАЯР ТУРАК ЖАЙДЫ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ БАСЫҢЫЗ