0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай продукттары

KfW Программасы боюнча кредиттер

1. Бишкек жана Ош шаарларынын сыртында жашаган жана эмгектенген же ишкердик иш менен алектенген 850 евродон (насыя алууга арыз берүү учурунда КРУБ курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалент) ашпаган жарандар.

2. Милдеттүү түрдө үй-бүлөлүү болуш керек, ушул эле учурда толук эмес үй-үбөлүү жалгыз ата-энеси менен жашаган жарандар катыша алат.

3. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 65 жашка чейинки курак талабы;

4. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

5. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу (эгерде жогоруда көрсөтүлгөн айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

6. Жалпы эмгек стажы 3 (үч) жылдан кем эмес же ушул уюмда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы болгондо (айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

7. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

КРЕДИТТИН ШАРТТАРЫ

Кредиттин суммасы: кредит алууга арыз берүү учурунда КР Улуттук Банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквивалентиндеги 38 700 еврого чейин

Насыянын мөөнөтү:  15 жылга чейин

Пайыздык чен: жылдык 8% сатуудан салыкты кошгондо

Камсыздандыруу: турак жай жыл сайын камсыздандырылып турат

Баштапкы төгүм: сатылып алынган турак жайдын наркынан 20% кем эмес

Баштапкы төгүм жок болсо өнөктөш-банк менен макулдашып кошумча күрөө коюу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, менчик турак жайы жок болгон шартта, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада пенсиялык топтоолорду баштапкы төгүм катары колдонсо болот. Мындан сырткары “РСК Банк” ААКу аркылуу кепилдик фондордун инструменттерин колдонсо болот.

Сатып алынып жаткан турак жайга талаптар

Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден 60 км радиустагы аралыкта же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чек арасынын чегинде сатып алышат, бирок турак жай Бишкек жана Ош шаарларында болбош керек

Турак жай наркы: кредит алууга арыз берүү учурунда КРУБнын курсу боюнча улуттук валюта эквивалентиндеги 43 000 еврого чейин

Жалпы аянты:

  • Көп батирлүү үйдөгү батирлер - аянты 100 чарчы метрден ашык эмес 
  • Жеке турак жайлар - аянты 200 чарчы метрден ашык эмес

Кредиттик продуктунун түрлөрү

"Кут Конуш" КР аймактарында (биринчилик рыноктон) жаңы турак жай сатып алуу

"Бек Устун" КР аймактарында турак жай алып реконструкция кылуу

Реконструкция - турак жай аянтын кеңейтүүнү же анын энергиялык натыйжалуулугун жакшыртууну гана камтыйт:

  • Терезелерди/чатырларды алмаштыруу
  • Энергия менен камсыздоонун кайра жаңылануучу булактарын орнотуу
  • Тышкы дубалдарды жана/же чатырларды жылуулоо/бөлүү
  • Жылытуу/муздатуу системаларын модернизациялоо 

Жылуулукту жана энергиялык натыйжалуулукту жогорулаткан турак жайды конструкциялоодогу башка капиталдык өзгөртүүлөр 

"Ашар" КР аймактарында жеке турак жай куруу

Турак жай курууну насыялоо этаптары

  • Банк насыянын максималдуу суммасын бекитет, бекитилген сумманын алкагында турак жайдын долбоордук-сметалык документтери даярдаялат
  • Кардар турак жай куруунун бекитилген долбоорун банкка бергенден кийин, банк этабы менен турак үйдү курууга каражаттарды бөлөт:

1-этап. Пайдубалды орнотууга
2-этап. Дубалдарды курууга
3-этап. Полдорду бүтүрүүгө жана чатырды жабууга
4-этап. Жасалгалоо иштерине

  • Курулуш иштери толук аяктаган соң, турак жай архитектуранын жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда пайдаланууга берилиши керек. 
  • Кыймылсыз мүлккө укукттарды каттоо департаментинде даяр турак жай каттоодон өткөрүлөт жана турак жайдын техникалык паспорту алынып, банкка күрөөнү кайрадан каттоо үчүн берилет.

Ипотекалык калькулятор

Сатылып алынып жаткан турак жайдын наркы

сом

500 000

9 000 000

Баштапкы төгүм

сом

Насыя боюнча пайыздык чени (% жылдык)

%

Насыянын мөөнөтү

лет

1 жыл

25 жыл

Насыянын пайыздык чени
Ай сайын төлөм
Насыянын суммасы