0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай продукттары

Ижаралык турак жай

Эгерде МИКтин балансында турак жай бар болсо, жарандар кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алууга кайрыла алышат. Турак жайдын бар-жогун билиш үчүн МИКке кайрылыш керек.

Программанын катышуучусу (максаттуу топ)

"Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча тандоо критерийлерине жооп берген жарандар

Максаттуу багыты

МИКтин турак жай фондунан кийин сатып алуу менен турак үйдү ижарага алуу

Ижара предмети

МИКтин турак жай фондунан даяр же курулуп жаткан турак үй

Ижара мөөнөтү

Ижаранын минималдуу мөөнөтү - 5 (беш) жылдан кем эмес.

Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жылдан ашык эмес (каржылоо булактарына жараша)

Валюта

Кыргыз сому

Пайыздык чен

Жылдык 4% дан баштап жогору (каржылоо багытына жараша)

Төлөө графигине жана ижара келишимине ылайык турак үйдүн наркы толугу менен төлөнгөнгө чейин менчик укугу

МИК

Менчик укугунун ижарачыга өтүү мөөнөтү

Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак үйдүн толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда. Ижара келишиминин тиркемесине ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде ижара объектин ижарачынын менчигине тариздөө мөөнөтү (төлөө графиги)

Ижара төлөмүнүн суммасы

Эсептөөлөр турак үйдүн 1 (бир) квадрат метринен алынат.

(Эсептөө методикасы коммуналдык кызматтарга жана ижара объектин талаптагыдай абалда кармоого кеткен чыгымдарды кошпогондо, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара акысынан, ижара объектин камсыздандыруудан турат)

Комиссиялардын түрлөрү жана өлчөмү

Башкаруу үчүн кандайдыр бир комиссиялык жыйымдар жок. Ай сайын ижара төлөмдөрүн кабыл алуу үчүн комиссия - өнөктөш банктын тарифтерине ылайык

Ижара акысы жана баштапкы төгүм (өздүк салым)

Ижаранын наркы жана баштапкы төлөмдүн өлчөмү каржылоо булактарын, курулуштун же даяр турак үйдү сатып алуунун наркын эске алуу менен МИКтин өзүнчө чечими менен белгиленет

Турак үйдү ижарага берүү боюнча шарттарды өзгөртүү

Эки айдан кем эмес өлчөмдөгү сумма төлөнгөн шартта ижара турак үйүн сатып алуу мөөнөтүн азайтууну эске алуу менен (ижарачынын каалоосу боюнча) учурдагы график боюнча келечектеги төлөөнүн эсебине ижара акысын төлөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилет.

Графикке ылайык ижара төлөмдөрүнүн толук суммасын төлөө жолу менен бүтүм жасалган учурдан тартып ижара турак үйүн мөөнөтүнөн мурда сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жол берилет

Камсыздандыруу

"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объекттерди милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу

Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү

МИК ижара келишиминин шарттарына ылайык ижара объектин максаттуу пайдаланууга жана талаптагыдай күтүүгө мониторинг жүргүзөт

Катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана кепилдик берүүчүнүн/гаранттын кредиттик таржымалы

Өтүнмө берген учурга чейин 3 (үч) жыл ичинде терс кредиттик таржымалынын жоктугу, атап айтканда:

- учурдагы мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин жоктугу;

- карыздын суммасын өндүрүү, ошондой эле кредиторлордун пайдасына мүлккө камак салуу жөнүндө соттордун чечим чыгарган учурларынын жоктугу

"Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында Программага катышуу

Программага катышуучу жубайы менен бирге "Кийин сатып алуу менен ижара турак үйү" механизминин алкагында турак үй менен бир жолудан ашык эмес камсыз кылынат

Кепилдик берүүчүгө/гарантка коюлуучу талаптар

Эгерде Программанын катышуучусу катталган никеде болсо, туруктуу кирешеси бар-жогуна карабастан анын жубайы да милдеттүү түрдө кепилдик берүүчү болуп калат

Ипотекалык калькулятор

Сатылып алынып жаткан турак жайдын наркы

сом

500 000

9 000 000

Баштапкы төгүм

сом

Насыя боюнча пайыздык чени (% жылдык)

%

Насыянын мөөнөтү

лет

1 жыл

25 жыл

Насыянын пайыздык чени
Ай сайын төлөм
Насыянын суммасы