0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай каржылоо багыттары

Турак жай каржылоо багыттары

Жеңилдетилген ипотека

Бул багыт мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда эмгектенген жарандар үчүн.

Пайыздык чен - жылдык 4%

Кредиттин суммасы - 4 000 000 сомго чейин

Мөөнөтү - 25 жылга чейин

Арзан ипотека

Бул багыт ишинин чөйрөсүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына каралган.

Пайыздык чен - жылдык 8%

Кредиттин суммасы - 4 000 000 сомго чейин

Мөөнөтү - 25 жылга чейин

Социалдык ипотека

Бул багыт Кыргыз Республикасынын жарандарынын чектелген тобуна каралган:

- көп балалуу үй-бүлөлөр (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери);

- айыл жериндеги жаш адистер (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери);

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана/же мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын камкорчулары (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери);

- жесирлерге жана/же жашы жете элек балдары бар никеде турбаган жарандарга (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери);

- 15 жылдан кем эмес жалпы иш стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери.

Мамлекеттик органдар тарабынан курулган даяр турак жай берилет

Пайыздык чен - жылдык 4%

Мөөнөтү - 25 жылга чейин