0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай каржылоо багыттары

Аялдар үчүн ипотека

1. Кимдер катыша алат?

2022–2024-жылдар аралыгында Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында жашаган “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКнын (МИК) электрондук кезегине катталган аялдар катыша алышат.

 

2. Эмнеден баштоо керек?

 

Катышуучу каржылоо алуу үчүн “А Банкка” же “Элдик Банкка” (мындан ары – өнөктөш банктар) арыз менен кайрылат;

Өнөктөш банктар арызды карап чыгып, каржылоо берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышат.

 

3. Каржылоонун шарттары кандай?

  • пайыздык чен – жылдык 9,75%;
  • насыянын мөөнөтү – 25 жылга чейин;
  • баштапкы төлөм – турак жайдын наркынын 30%;
  • каржылоонун максималдуу суммасы – 7 000 000 сомго чейин;
  • үй-бүлөнүн жалпы айлык кирешеси 120 000 сомдон ашпоого тийиш;
  • сатып алынуучу турак жай:

батир болсо – аянты 100 чарчы метрге чейин;

жеке турак үй болсо – аянты 200 чарчы метрге чейин.

 

4. Баштапкы төлөм үчүн каражаты жетишсиз болсо эмне кылуу керек?

Эгерде катышуучунун баштапкы төлөмдү төлөө үчүн өздүк каражаты жетишсиз болсо, ал Кепилдик фондуна кайрылууга укуктуу.

Катышуучунун каржылоо суммасынын кеминде 10% өлчөмүндө өздүк каражаты болгон учурда, Кепилдик фонду каржылоо суммасынын 20%ына чейин кепилдик бере алат.