Үлүштүк турак жай курулуш
Катышуучулардын тандоо талаптары, анын ичинде өлкөнүн чектеринен сырткары жерлерде иштеген жарандар
1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;
2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;
3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу.
4. Программага катышуу үчүн электрондук арыз МИКтин электрондук порталы аркылуу берилет.
Ипотеканын предмети:
Үлүштүк курулуштун шарттарында турак жай курулуш
Пайыздык чен жана турак жайдын баасы:
Турак жай курулуштун сметасына аныкталат. Смета бекитилгенден кийин сайтта баасы жана пайыздык чени жайгаштырылат
Ипотеканын мөөнөтү:
15 жылга чейин
Баштапкы төгүм:
Сатып алынуучу турак жайдын наркынан 50% кем эмес.