0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Жеке тармакта иштеген жарандар мамлекеттик ипотека ала алабы?

Жарыяланган датасы: Янв. 12, 2024

“Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коому 2019-жылга чейин мамлекеттик ипотеканы бюджеттик тармакта иштеген жарандар гана алып келгенин билдирет. 2019-жылдан тарта мамлекеттик ипотека расмий түрдө жеке тармакта иштеген жарандарга жана өз алдынча иштеген жарандарга дагы  жеткиликтүү боло баштаган.  

Кыргыз Республикасынын жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын ийгиликтүү ашырылуусунун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы 1 №75 токтомуна ылайык «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак жай программасы бекитилген.

«Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында жарандарды турак жай менен камсыздоо негизги үч багытка бөлүнгөн:

- «Жеңилдетилген ипотека» - бюджеттик тармакта иштеген жарандар үчүн (мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер). Турак жай жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылдык мөөнөткө чейин берилет;

- «Социалдык ипотека» - 15 жылдан ашык эмгек стажына ээ, расмий киреше булагы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, калктын аярлуу катмарлары (жалгыз бой энелер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткандар, көп балалуу үй-бүлөлөр, Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан чек арачылар, дарыгерлердин күнөөсү менен ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган балдар. Турак жай жылдык 4% менен баштапкы төлөмсүз 25 жылдык мөөнөткө чейин берилет;

- «Арзан ипотека» - киреше булактарын расмий түрдө тастыктай алган жеке сектордо иштеген жарандар, анын ичинде өз алдынча иштегендерге берилет. Турак жай 20%дан өйдө баштапкы төлөм менен, 25 жылдык мөөнөткө дейре жылдык 8% менен берилет;

Ошондой эле, бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания «Үлүштүк турак жай» жаңы продуктулук долбоорун иштеп чыгууда. Долбоордун алкагында мигранттарга жана өлкөнүн башка жарандарына турак жай сатып алууга шарттар каралган.

Мамлекеттик ипотекалык компания жүргүзгөн тиешелүү реформалардын жыйынтыгында 2023-жылдан баштап өлкө боюнча жеткиликтүү турак жайларды кеңири масштабдуу курууга көңүл бура баштады. Курулган турак жайлар жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда МИКтин сайтындагы электрондук кезекке ылайык программанын катышуучуларына берилет.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат, ошондой эле башка облус борборлорунда да быйылкы жылы курулуш иштери башталат.

  Мамлекеттик ипотекалык компания жүргүзгөн реформалардын натыйжасында мамлекеттик ипотека бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Ошол эле учурда «МИК» ААКы жарандардын турак жайга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуунун механизмдерин жана шарттарын тынымсыз өркүндөтүп келет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын негизги милдеттеринин бири – турак жай программасын ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды тартуу жана жеткиликтүү турак жайды каржылоо болуп саналат.