0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Аукцион

Аукцион

Жарыяланган датасы: Ноя. 11, 2023

Мамлекеттик ипотекалык компания ачык аукцион аркылуу көп кабаттуу турак үйдүн цоколдук кабатында жайгашкан жайларды сатууга чыгарат. 
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Нарын шаары, И.Раззаков көчөсү 4 Б дареги боюнча жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн цоколдук кабатындагы жайларды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт. 
Ачык аукцион 2023-жылдын 11- декабрында саат 14:00дө Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча өтөт. 
Аукцион беш лоттон турат. Ар бир жай боюнча өзүнчө тоорук өткөрүлөт. Бланк алуу үчүн  Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча кайрылуу шарт. 
Аукционго катышуу үчүн 1 000 (бир миң) сом  өлчөмүндө кепилдик салымын төгүп, тоорук башталганган чейин катыша турчу лот боюнча өтүнмө жиберүү керек. 
1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымын төккөн катышуучу, ар бир лотко өзүнчө өтүнмө жиберүү шарты менен  беш лотто тең катыша алат.
1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, ИНН:00810201510086, эсептик номур- 1350100027586931, «Айыл Банк» ААК, БИК 135001 реквизиттери аркылуу төлөсө болот. 
Аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 8-декабрында саат 16:00дө аяктайт.
Аукциондун уюштуруучусу: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК.
Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Ч. Айтматов 1 дареги боюнча Сатып алуу жана турак жай фондун башкаруу бөлүмүнө кайрылууга болот: тел. 0553 84 01 21.
Ишкананын аталышы - «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК/
Жалпы маалымат
Аукционго коюлган жайлар Нарын шаары, И.Раззаков көчөсү 4 Б дарегинде жайгашкан.
Аянты
1- лот: № 2-бөлмө, аянты -  18,29 кв.м.
2- лот: № 10 – бөлмө, аянты - 18,9 кв.м. 
3- лот: № 12 – бөлмө, аянты - 37,41 кв.м.
4- лот: № 14-бөлмө, аянты - 18,9 кв.м
5- лот: № 16-бөлмө, аянты - 18,9 кв.м.
Жалпы аянт - 112,4 кв.м.
Келишим боюнча кошумча шарттар 
Техникалык абалы: жакшы
Баштапкы баасы     
- № 2-бөлмө, аянты - 18,29 кв.м. – 698 678,0 (алты жүз токсон сегиз миң алты жүз жетимиш сегиз) сом;
-    № 10-бөлмө, аянты- 18,9 кв.м. – 721 980,0 (жети жүз жыйырма бир миң тогуз жүз сексен) сом; 
-    № 12-бөлмө, аянты - 37,41 кв.м. – 1 429 062,0 (бир миллион төрт жүз жыйырма тогуз миң алтымыш эки) сом; 
-    № 14-бөлмө, аянты - 18,9 кв.м. – (жети жүз жыйырма бир миң тогуз жүз сексен) сом;  
-    № 16-бөлмө, аянты - 18,9 кв.м. – (жети жүз жыйырма бир миң тогуз жүз сексен) сом.

Кепилдик салым - 1 000 (бир миң) сом.
Аукциондук кадамдын жогорулашынын баасы - 100 (жүз) сом.
Аукциондун башталышы – 2023-жыл, 11-декабрь, саат 14:00 
Тооруктар өтө турган дарек: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1
Эскертүү
Сатып алуучу:
1. Тиешелүү аймакты санитардык абалдарга жооп бере тургандай жана тийиштүү техникалык абалда кармоого;
2. Сатып алуучунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жайларды жүк көтөрүүчү конструкцияларга таасир этчү эч кандай капиталдык кайра куруу жана пландоо иштерин жүргүзбөөгө;
3. Мамлекеттик көзөмөл органдарынын жайларга байланышкан колдонуудагы эрежелерин жана ченемдерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;
4. Турак үйдүн жашоочуларынын укугун бузбоого жана жайларды колдонуу эрежелерин бузбоого милдеттендирилет.