0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Аукцион

Аукцион

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК Бишкек шаары, Тунгуч мкр. 6/2 дареги боюнча жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн цоколдук кабатындагы жайларды сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.

Жарыяланган датасы: Окт. 27, 2023

 

Ачык аукцион 2023-жылдын 1 декабрында саат 14:00дө Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча өтөт.

Аукцион үч лоттон турат. Ар бир жай боюнча өзүнчө тоорук өткөрүлөт. Бланк алуу үчүн  Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1 дареги боюнча кайрылуу шарт.

Аукционго катышуу үчүн 1 000 (бир миң) сом  өлчөмүндө кепилдик салымын төгүп, тоорук башталганган чейин катыша турчу лот боюнча өтүнмө жиберүү керек.

1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымын төккөн катышуучу, ар бир лотко өзүнчө өтүнмө жиберүү шарты менен үч лотто тең катыша алат.

1 000 (бир миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик салымы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК, ИНН:00810201510086, эсептик номур- 1350100027586931, «Айыл Банк» ААК, БИК 135001 реквизиттери аркылуу төлөсө болот.

Аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 30-ноябрында саат 16:00дө аяктайт.

Аукциондун уюштуруучусу: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК.

Кошумча маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Ч. Айтматов 1 дареги боюнча Сатып алуу жана турак жай фондун башкаруу бөлүмүнө кайрылууга болот: тел. 0553 84 01 21.

Ишкананын аталышы - «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК

Жалпы маалыматтар

Аукционго коюлган жайлар Бишкек шаары, Тунгуч мкр 6/2 дарегинде жайгашкан.

Аянты

1- лот: 1 подъезд 195,5 кв.м.

2-лот: 2 подъезд 179,6 кв.м,

3-лот: 3 подъезд 187,7 кв.м.

Жалпы аянт - 562,8 кв.м.

Келишим боюнча кошумча шарттар

Техникалык абалы: жакшы

Баштапкы баасы

         1- подъезд 195,5 кв.м. – 9 885 000,0 (тогуз миллион сегиз жүз сексен беш миң) сом.

         2 -подъезд 179,6 кв.м – 9 559 000,0 (тогуз миллион беш жүз элүү тогуз миң) сом.

         3- подъезд 187,7 кв.м – 9 990 000,0 (тогуз миллион тогуз жүз токсон миң) сом.

 

Кепилдик салым - 1 000 (бир миң) сом.

Аукциондук кадамдын жогорулашынын баасы - 100 (жүз) сом.

Аукциондун башталышы – 2023-жыл, 1-декабрь, саат 14:00

Тооруктар өтө турган дарек: Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспектиси, 1

Эскертүү

Сатып алуучу:

1. Тиешелүү аймакты санитардык абалдарга жооп бере тургандай жана тийиштүү техникалык абалда кармоого;

2. Сатып алуучунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жайларды жүк көтөрүүчү конструкцияларга таасир этчү эч кандай капиталдык кайра куруу жана пландоо иштерин жүргүзбөөгө;

3. Мамлекеттик көзөмөл органдарынын жайларга байланышкан колдонуудагы эрежелерин жана ченемдерин сактоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга;

4. Турак үйдүн жашоочуларынын укугун бузбоого жана жайларды колдонуу эрежелерин бузбоого милдеттендирилет.