0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Ченемдик-укуктук база

Ченемдик-укуктук база

"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Мыйзам

Ушул Мыйзам жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук негиздерди белгилейт жана жарандардын турак жайга укугун жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууга, жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууга укуктарын ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасы

"Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коомунда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби

Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 216 токтому менен бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекетке тиешелүү үлүшү 50 пайыздан ашкан чарба коомдору, анын ичинде алардын туунду чарба коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүүнүн Үлгүлүү тартибине ылайык иштелип чыккан.