0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

«МИК» ААК турак эмес жайларды сатуу иштерин жүргүзөт.

Жарыяланган датасы: Сен. 17, 2026

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менчигинде турган турак эмес жайларды сатуу боюнча маалымат берет.

Объектиге жараша соода-сатыкка арналган жайлар, цоколдук кабаттар, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, кампа жайлар жана техникалык жайлар сунушталат.

Объекттерди жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар жана уюмдар сатып ала алышат. Сатуу түз сатуу (100% төлөм) же кийин сатып алуу менен ижарага берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Кийин сатып алуу менен ижарага алууда баштапкы төлөм объекттин наркынын кеминде 20 пайызын түзөт. Сатып алуу мөөнөтү — 5 жылга чейин жылдык 4% менен же 10 жылга чейин жылдык 8% менен.

Объекттер, шарттар жана арыз берүү тартиби тууралуу кеңири маалымат МИКтин расмий сайтында жайгаштырылган.

📞 Маалымат алуу үчүн телефондор:
0707 988 904
0553 988 904