0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компания аймактарда ипотекалык турак-жай курууну пландоодо

Жарыяланган датасы: Июнь 22, 2023

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Тологонованын тапшырмасы менен башкармалык курулуш иштери боюнча орун басары Т.Джеембаев жана сатып алуулар жана турак-жай башкаруу башкармалыгынын башчысы Ж.Омуралиев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапары менен болуп кайтышты. Жеринде жергиликтүү администрация башчылары менен жолугуп, аймактарда ипотекалык үйлөрдү куруу маселеси талкууланды.

           Баткен облусунда иш сапары Лейлек районунан башталды. Бул жерде райондун жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы областук Капиталдык курулуш башкармалыгы жана турак-жай, жарандык курулуш департаментинин башчысы Д.Жалилов менен жолугушту. Андан соң жумушчу жыйындын катышуучулары Баткен облусунун Лейлек районунан курулушка бөлүнүп жаткан жерди көрүп келишти кетишти. Бул жер тилкесине 29 социалдык бир кабаттуу ипотекалык турак жай курула тургандыгы белгиенди.

           Ушундай эле жыйын облустун Баткен районунда да өттү. Айыл өкмөт башчылары жана район жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөр жүрүп андан соң курулушка бөлүнгөн жерлерге барышты. Бул жер тилкелерине 40 бир кабаттуу социалдык турак жайды куруу пландалып жатат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын курулуш иштери боюнча башкармалыктын орун басары Тилек Джеембаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы жана турак-жай, жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Жалилов Дүйшөбек менен жолугушуп сүйлөшүүлөр жүрдү. Соңунда Баткен облусунда турак жай курууга инвестиция тартуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюу менен аяктады.

            Эртеси күнү «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев Ош шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ипотекалык ишкананын директору Кутманалы Абдырахман уулу менен жолугушту. Жолугушууда  кызматташуу маселелерин, «Мамлекеттик Ипотекалык компания» ААКнын «Менин үйүм 2021-2026» программасынын катышуучулары үчүн Ош шаарында көп кабаттуу үйдү үлүштүк курууга МИКтин катышуусун талкуулашты.

             Андан ары жолугушуулар Жалал-Абад облусунун Кербен жана Кочкор-Ата шаарларында уланып, көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушуулар соңунда Кербен жана Кочкор-Ата шаарларындагы ипотекалык турак-жай курууга арналган жер тилкелерин көрүп келишти. Жакынкы арада кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлат.