0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд өнүктүрүү фонду “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоору боюнча 100 млн.$ макулдашууга кол коюшту

Жарыяланган датасы: Апрель 25, 2023

24-апрелде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд Аравия Фондунун ортосунда Кыргыз Республикасындагы «Турак жайды каржылоо долбооруна 100 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын каржы министри Алмаз Бакетаев жана Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад кол коюшту.

Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарын “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруунун алкагында көп кабаттуу социалдык турак жайларды курууга жумшалат.

Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Сауд өнүктүрүү фондуна турак жай программасын каржылоо долбоору сунушталган. Өлкө башчысынын тапшырмасын аткаруу боюнча Мамлекеттик Ипотекалык Компания 2022-жылы август айында өткөн Араб координациялык тобунун жыйынында турак жай программасын  каржылоо долбоору сунушталган. Жарым жылдын ичинде Кыргызстан тарап сунуштаган долбоор Сауд Өнүктүрүү фондунун Директорлор Кеңеши тараптан жактырылып, натыйда 100 млн. доллар өлчөмүндөгү кредиттик келишимге кол коюулду.

Келишим боюнча өлкөнүн жарандары үчүн Бишкек шаарында жеткиликтүү турак-жайларды курууга багытталат, курулуштун кийинки этабы менен өлкөнүн бүт аймактарында улантылат.