0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Ипотеканы жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания каражаттарды турак жай курууга жумшап жатат.

Жарыяланган датасы: Апрель 14, 2023

Акыркы жылдары кыймылсыз мүлккө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу өлкө жетекчилиги ипотекалык насыяларды жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында акча каражатты турак жай курууга жумшоону чечти.

Турак-жай программасынын негизги максаттарынын бири республика боюнча турак-жай куруу болуп саналат. Ушуга таянып, компаниянын турак жай фондун көбөйтүү жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания Программанын алкагында финансылык ресурстарды арзан турак жайларды курууга багыттап жатат. Бишкек шаарында курулуш иштери башталып, учурда кызуу жүрүп жаткан кези. Курулуштун кийинки этабы республиканын аймактарында улантылат.

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө батирлердин баасы 1 чарчы метри 550 долларга чейин бааланса, учурда кыймылсыз мүлк базарында эски турак жайдын баасы 1000 доллар жана андан жогору турат. Ошентип, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жарандар үчүн мамипотеканы эки эсе жеткиликтүү кылат.

Курулуш аяктагандан кийин даяр батирлер "Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасынын катышуучуларына өнөктөш банктардын катышуусуз түз Мамлекеттик ипотекалык компания өзү сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде республиканын бардык аймактарында «Жеңилдетилген ипотека» (жылына 4%) багыты боюнча банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берүү токтотулган. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында «Жеткиликтүү ипотека» (жылына 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү токтотулган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республиканын аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) мамлекеттик ипотеканы берүү «Жеринде турак жайды каржылоо» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул турак жай программасы Германиянын өнүктүрүү банкы KfW тарабынан каржыланат, ипотекалык насыялар өнөктөш банктар аркылуу кезексиз берилүүдө:

• «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАК;

• «РСК Банк» ААК;

• «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКсы.

Эскерте кетсек, “РСК Банк” жана «Кепилдик фонд» аркылуу баштапкы төлөмдүн 10%ына мамлекеттик кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, Программанын алкагында ипотекалык насыялар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Элдик турак жай компаниясы» аркылуу келишимдик турак жай аманат механизми аркылуу берилет. Бул механизм ипотекалык насыя алуу үчүн баштапкы төлөмдү алдын ала топтоону камтыйт. Келишимдик турак жай аманаттарынын алкагында ипотекалык насыя алуу үчүн Бишкек ш., Киев көчөсү, 210. Сурап билүү телефону: +996 (509) 292 121

+996 (550) 292 121

+996 312 61 07 18

Эскерте кетсек, www.gik.kg сайтыбызда Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн бардык аймактарында «Жеңилдетилген ипотека» (жылына 4%), ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында «Жеткиликтүү ипотека» (жылына 8%) багыттары боюнча боюнча банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берүүнү токтотуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланганын эсиңиздерге салабыз. https://gik.kg/.../spisok-uchastnikov-programmyi-moj-dom...

Сурап билуу телефону: +996 312 610 662

+996 312 610 663

+ 996 772 988 901