0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотека: Үлүштүк курулуш механизми ишке кирди

Жарыяланган датасы: Апрель 15, 2024

2024-жылдын 1-апрелиндеги №147 Министрлер Кабинети тарабынан «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Турак жайды үлүштүк куруу» механизмин киргизүү жөнүндө кабыл алынган Токтом бүгүн, 15-апрель күчүнө кирди.
            Механизм республиканын бардык жарандар, анын ичинде акыркы 3 жылда турак жайы жок чет өлкөлөрдө иштеген 
мигранттар үчүн да жеткиликтүү.
           
Үлүштүк курулуштун алкагындагы турак жай төмөнкү шарттар боюнча берилет:
-
баштапкы төгүм турак жайдын баасынан 50% дан кем эмес;
-
мөөнөтү 15 жылга чейин;
-
жылдык пайыздык чен 8%;
-
турак жайдын баасы районго жана турак жайдын даярдыгына жараша болот (маалымат МИКтин сайтына жарыяланган);
-
турак жайды тандоодо ички жасалгасы жок (ИЖЖ) же даяр, бардык жасалгасы менен ипотекага алсаңыз болот;
-
иш стажы жана кирешеси текшерилбейт;
-
кредиттик тарыхы текшерилбейт.

         
Үлүштүк курулуш боюнча турак жай алууга арыз МИКтин порталы аркылуу онлайн берилет (чет өлкөдө иштеген жарандар да портал аркылуу арыз бере алышат).
         
Бүгүнкү күнгө чейин жарандарды турак жай менен камсыз кылуунун көйгөйлөрүнүн бири турак жай курулушун үлүштүк каржылоонун мамлекеттик механизминин жоктугу болгон. Өз кезегинде бул жагдай жарандарды тобокелсиз турак жай курулушуна каражат салууга шарттарын түзмөк. Ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 30-январында Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган Жарлыкка кол койгон.
       МИКтин расмий сайтында https://gik.kg/kg/become_member/
 Youtube жана Telegram каналдарында, Facebook жана Instagram, TikTik социалдык тармактарда электрондук өтүнмө берүү боюнча видео нускама бар экендигин эсиңиздерге салабыз.