0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Депутаттар Бишкек шаарындагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

Жарыяланган датасы: Фев. 9, 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Элдик» депутаттык тобу бүгүн парламенттин көчмө жыйындын алкагында Бишкек шаарындагы курулуп жаткан көп функционалдуу «Мурас» турак жай комплексинин курулушу менен жеринде таанышышти.

Түшкө жуук көчмө жыйын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесинде уланды. Депутаттарга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү туурасында Алмамбет Шыкмаматов айтып берди. Бюджетти эле карап отурбастан эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, быйылкы жылы инвестициянын биринчи бөлүгү келе баштаарын маалымдады. Ал акчалар дагы ипотекалык үйлөрдүн курулушуна жумшалаарын, Шыкмаматов баса белгиледи.

Депутаттар мамлекеттик турак жай саясаты, эмгек мигранттары үчүн үлүштүк курулуш механизмдерин киргизүү, аймактарда да курулуш иштерин баштоо жаатындагы маселелерге көңүл буруп, ошондой эле ипотекалык үйлөрдү каржылоону жана курууну тездетүү боюнча бир катар сунуштарын айтышты. Талкуунун жыйынтыгында “Элдик” депутаттык тобу сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын маалыматын эске алды.

«Мурас» турак-жай комплексинде (Маливока көч., 91дареги) көп кабаттуу үйлөрдү куруу монолиттик-каркас ыкмасы менен жүргүзүлүп жатат. Көп кабаттуу үйдүн дубалдар колонналардан жана шыптардан түзүлгөн монолиттүү темир-бетон каркастан тургузулат, алардын ортосунда дубалдар газобетондон, кирпичтен же башка материалдан курулат. Үйдүн монолиттик бөлүмдөрү анын негизги жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылат, ошондуктан ал жогорку катуулугу жана сейсмикалык туруктуулугу менен айырмаланат.