0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Калкты тейлөө бөлүмүнүн адистери жарандардын кызматында!

Жарыяланган датасы: Янв. 10, 2024

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун Калкты тейлөө бөлүмүнүн адистери иш күндөрү саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин жарандарды кабыл алууну улантууда. Кызматкерлер ипотекалык турак жай жана насыя алуу үчүн кантип кезекке турса болот, электрондук өтүнмөлөрдү толтуруунун жол-жобосу кандай жана мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан башка суроолордун бардыгына жооп беришет.

Бүгүнкү күндө Калкты тейлөө бөлүмүндө жарандарды кабыл алуу электрондук кезек аркылуу жургүзүлүп, мындай шарт кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калкты тейлөө убагын дагы кыскартууга мүмкүнчүлүк берген.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун башкы кеңсеси Бишкек шаары, Чыңгыз Айматов проспектиси ½ дареги боюнча жайгашкандыгын эсиңиздерге салабыз. Калкты тейлөө бөлүмү Дүйшөмбүдөн Жума күнүнө чейин таңкы 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштейт (12:00дөн 13:00гө чейин түшкү тыныгуу).

Белгилей кетсек, жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга байланышкан суроолору менен жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлерине 0772 98 89 01, 0552 98 89 01 же болбосо 0 553 98 89 01 (вотсап) номурлары жана info@gik.kg электрондук дарегине кат жиберүү жолу менен дагы байланыша алышат. Адистер жарандардан келип түшкөн бардык билдирүүлөргө өз убагында жооп беришет. Мындан сырткары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын актуалдуу жаңылыктарды жана маалыматтарды биздин сайтта: www.gik.kg

Жана социалдык тармактардагы биздин баракчалардан да окуп турсаңыз болот Фейсбук: https://www.facebook.com/gik.kg/

Инстаграм: https://www.instagram.com/gik.2022/

Телеграм:  https://t.me/gosipotekaKG

ТикТок: https://www.tiktok.com/@gik.kg2016?_t=8iuIDDQjCWw&_r=1