0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

МИКтин жетекчиси А.Шыкмаматов Минкабдын төрагасы А.Жапаров менен биргеликте Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Жарыяланган датасы: Дек. 25, 2023

Мамлекеттик ипотекалык компаниячнын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев менен биргеликте Жалал-Абад облусунда ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыгышты.

Жалал-Абад шаарында 9 кабаттан турган ипотекалык турак жайдын курулушу жүрүп жатат. “Асман резиденс” турак жай комплексинин жалпы аянты 1,6 гектарды түзүп, 4 көп кабаттуу үй курулат. Аларда 1,2 жана 3 бөлмөлүү 639 батир орун алат. Курулуш иштерин 2024-жылы бүткөрүү пландалган.

Курулуш иштери аяктаганда батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга кезекте тургандарга баштапкы төлөмү жок, 4%, 25 жылдык мөөнөткө кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет.

Учурда Президент Садыр Жапаровдун элди арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча коюлган тапшырмасынын негизинде Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында көп кабаттуу үйлөрдү курулушу жүрүп жатат.

2024-жылы Кыргызстандын баардык аймактарында курулуш иштери башталат, учурда жер бөлүү жана курулушту долборлоо иштери жүрүп жатат