0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Жарыяланган датасы: Дек. 22, 2023

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет:

Ипотекалык насыяларды берүү

2023-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,936 млрд сомго 1 366 насыя берилген. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 9, 158 млрд суммага 3 902 насыя берилген.

- насыялардын орточо суммасы - 3 млн сом;

- пайыздык ченем - 4%, 25 жылдык мөөнөткө чейин.

Анын ичинен «Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» (KFW) программасы боюнча аймактарда 1,5 млрд сомго ипотекалык насыя берилип 700дөн ашуун үй-бүлө турак жайлуу болушту.

Уставдык капитал

2023-жылдын жыйынтыгында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2022-жылга салыштырмалуу 5, 2 млрд суммадан ашык каражатка көбөйүп, бүгүнкү күндө 15,5 млрд сомду түзөт.

        Санариптештирүү (кезектүүлүк)

Азыркы учурда МИКтин электрондук порталында кезектүүлүктүн электрондук системасы иштейт. Бул система программанын катышуучуларына жеке кабинеттери аркылуу өздөрүнүн өтүнмөлөрүнүн статусун көзөмөлдөп, кезектүүлүгүн өз алдынча текшерүүгө мүмкүндүк берет.

2023-жылдын аягына карата МИКтин электрондук порталында 30 миңден ашык жаран турак жай программасынын катышуучусу болуп, 15 миңден ашыгы ипотека алуу үчүн кезекке турушкан.

Курулуш

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 7000 ден ашык батирлүү ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн жүрүшү кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, Жалал-Абад шаарында 639 батирдин курулушу башталды. Курулуш аяктаган соң аталган батирлер турак жай программасынын катышуучуларына “Кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага алуу” механизми боюнча берилет .

2024-жылга пландар

Ипотекалык каржылоонун жаңы механизмдери

Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасы менен «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Үлүштүк курулуш» жаңы турак жай каржылоо механизми ишке ашырылмакчы.

Аталган механизм мигранттар үчүн иштелип чыкканы менен, бирок жарандардын бардык категориясы үчүн да жеткиликтүү болмокчу.

2024-жылы өлкөнүн бардык аймактарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат. Учурда жер бөлүштүрүү жана курулуштун долбоору иштелип чыгууда.

2024-жылга күтүлгөн каражаттар:

Булак

Сумма

Багыт

Республикалык бюджет

2 млрд сом

Курулуш

KfW

4,9 млн евро

Ипотекалык насыя

Сауд өнүктүрүү фонду

100 млн доллар

Курулушка, «Мурас» турак жай комплекси, курулуштун экинчи этабы

Ислам өнүктүрүү фонду

79 млн доллар

55% шариат принциби менен банктар аркылуу каржылоого жумшалат

45% Бишкек шаарында жана өлкө аймактарындагы курулушка жумшалат