0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын 2 айында аймактарда 670 ипотека берди

Жарыяланган датасы: Окт. 30, 2023

Мамлекеттик ипотекалык компания 2023-жылдын сентябрь, октябрь айларында Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасы боюнча 1млрд. 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берди.

Белгилей кетсек, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге көп болуп саналат.

Бардыгы болуп, Кыргызстандын аймактарында «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасы аркылуу 3 фазанын алкагында (2020-жылдан 2023-жылга чейин) 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилген.

Эске салсак, 2023-жылдын 21-августунда Мамлекеттик ипотекалык компания KFW Германиянын өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасынын үчүнчү фазасын ишке ашырууну баштаган.  https://gik.kg/kg/news-detail/pk-14/

 «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» программасынын чектелүү каражаттарынан улам, 2023-жылдын 11-октябрында «МИК» ААКнын электрондук порталында KfW программасына жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу токтотулган.

KFW программасы боюнча каржылоо 2024-жылы улантылып, аймактарда ипотека берүү уланаарын эсиңизге салабыз.