0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Көңүл буруңуздар! Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында жаңылоо иштери жүрүүдө

Жарыяланган датасы: Окт. 10, 2023

 

Учурда “МИК” ЖАКнын порталында жаңылоо иштери уланууда. Бул иштердин алкагында эске алына турган эң маанилүү маселе бул  – активдүүлүгү жок электрондук катталуулардын (жеке кабинеттердин) автоматтык түрдө өчүрүлөт. Эгерде арыз берүүчү 3 (үч) айдын жүрүшүндө порталга катталуусун аягына чыгарбаса, анда анын маалыматтары толугу менен өчүрүлөт. Мындан сырткары, катталуулар жарандардын арызы МИК тарабынан жактырылып, бирок алар 1 (бир) жылдын ичинде каржылоого кезекке турбаган учурда дагы өчүрүлөт.

Электрондук порталдагы катталуулардын өчүрүлүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы №140 токтому менен бекитилген.

«Программага катышуу үчүн тапшырылган электрондук арыз катталган күндөн тарта 3 (үч) айдын ичинде толугу менен толтурулуп бүтүшү керек, антпесе, аягына чыгарылбаган катталуулар МИКтин веб-сайтынан өчүрүлөт;

- МИКтин кезегине турбаган катышуучулардын электрондук арыздарынын жарамдуулук мөөнөтү 1 жыл болуп саналат».

Аягына чыкпаган катталуулар эмне үчүн өчүрүлөт?

202-жылдын август айынан (портал иштеп баштаган убакыт) тарта 40 миңден ашык жарандар электрондук арыз толтуруп баштап, бирок аягына чыкпаганын тажрыйба көрсөттү. Мындай жагдай электрондук порталдын ишин абдан кыйындатып, арыздардын каралуу мөөнөтүнө дагы терс таасирин тийгизүүдө.

Буга байланыштуу, порталда электрондук арыз тапшыруунун алдында https://gik.kg/ru/become_member/ шилтемеси аркылуу нускама менен таанышып алууңуздарды суранабыз.

Көңүл буруңуздар! 2023-жылдын 11-ноябрында буга чейинки толугу менен аягына чыкпаган арыздар электрондук арыздар порталдан өчүрүлмөкчү.