0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Жалал-Абад шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Жарыяланган датасы: Окт. 16, 2023

Жалал-Абад шаарында 9 кабаттан турган ипотекалык 4 турак үйдүн курулушу башталды. Курулуштун капсуласын салуу иш-чарасына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана шаар тургундары катышты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, бул үйлөр Жалал-Абад шаарынын тургундарына - «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын катышуучуларына 25 жылга ипотекага берилерин айтты.

Президент Садыр Жапаровдун элди арзан турак жай менен камсыз кылуу боюнча коюлган тапшырмасынын негизинде Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курулушу учурда жүрүп жатат. Аймактардан биринчи болуп Жалал-Абад шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды.

“Асман резиденс” ипотекалык турак жай комплексинин жалпы аянты 1,6 гектарды түзүп, 4 көп кабаттуу үй курулат. Аларда 1,2 жана 3 бөлмөлүү 639 батир орун алат. Курулуш иштерин 2024-жылы бүткөрүү пландалган.