0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

«Турак жайды каржылоо» долбооруна инвестиция тартуу максатында ИӨБнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр улантылып жатат

Жарыяланган датасы: Окт. 2, 2023

Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасындагы «Турак жайды каржылоо» долбоорун даярдоонун алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесинде ИӨБ миссиясы менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорун даярдоонун жүрүшүнө байланыштуу бир топ олуттуу маселелер талкууланды.

Ислам өнүктүрүү банкынын миссиясы менен жолугушууда эки тарап долбоордун даярдыгын баалоо, каржылоо планы, сатып алуу механизмдери жана жалпысынан долбоорду башкаруу маселелерин да талкуулашты.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасындагы «турак жайды каржылоого» кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү менен каржылоону бөлүү маселеси тез арада оң жагына чечилет деген ишенимин билдирди.