0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү инфраструктуралык секторду өнүктүрүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттери менен жолугушту.

Жарыяланган датасы: Июль 24, 2023

2023-жылдын 24-июлунда Башкармалыктын төрайымы А.Тологонова жетектеген Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү Ислам өнүктүрүү банкынын инфраструктуралык секторун өнүктүрүү боюнча эксперттер менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар даярдыктын жүрүшүн, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын каражаттарынан 100 млн. АКШ долларын алуу боюнча Кыргыз Республикасындагы «Турак жайды каржылоо» долбоорунун негизги параметрлерин талкуулашты.

 

Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын төрайымы Тологонова Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасында «Турак жайды каржылоо» долбоорун даярдоого жана андан ары ишке ашырууга катышуусунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле конокторго «МИК» ААКнын Кыргыз Республикасынын турак жай саясатынын стратегиясын ишке ашырууга катышуусу жөнүндө маалымат берип, «Турак жайды каржылоо» долбоорун даярдоого байланыштуу практикалык иш-аракеттери менен тааныштырды. Долбоорду Ислам өнүктүрүү банкынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен каржылоо күтүлүүдө.

Долбоорду талкуулоонун алкагында ИӨБ өкүлдөрү долбоорго финансылык жана консультациялык жардам көрсөтүү ниетин дагы бир жолу ырасташты. Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Консультативдик кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуу учурда ИӨБ тарабынан каралып жатканын, ага кол коюлгандан кийин кыргыз тарапка Келишимдин негизги шарттарына жана ага банк тарабынан тандалган консультанттардын катышуусуна тиешелүү толук маалыматты көрсөтүү менен расмий билдирүү жөнөтүлөрүн маалымдашты.

Жыйынтыгында тараптар дагы бир жолу Кыргыз Республикасында «Турак жайды каржылоо» долбоорун тез арада илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин жана долбоорду илгерилетүүгө багытталган өз ара жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин жана долбоорду ишке ашыруу үчүн ИӨБдан финансылык ресурстарды берүү жөнүндө Макулдашууга кол коюуга даяр экендиктерин дагы бир жолу билдиришти.