0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай программасынын катышуучуларынын тизмеси

Турак жай программасынын катышуучуларынын тизмеси

"МЕНИН ҮЙҮМ 2021-2026" ПРОГРАММАСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫН ТИЗМЕСИ (КЕЗЕКТҮҮЛҮК)

КӨҢҮЛ БУРГУЛА! МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ!

Эгерде Сизге  "Арыз жактырылды, кезеке туруңуз" деген SMS келсе жана сиздин жеке кабинетиңизде өтүнмөнүн статусу "МИК тарабынан жактырылды" болсо, Сиз Жеке кабинетте өтүнмөнүн статусун өзгөртүү керек;

1. ИНН жана сырзөзүңузду колдонуп Жеке кабинетиңизге кириңиз portal.gik.kg;

2. Жеке кабинет баскычы --- Менин өтүнмөлөрүм --- Статусун өзгөртүү баскычы --- Кезекке туруу баскычын басыңыз

Кезектүүлүк тизмеси автоматташтырылган режимде гана күнү жана убактысы боюнча түзүлөт. Кезектүүлүк тизмесине кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Кезектүүлүктүн автоматташтырылган тизмесин айланып өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир сунуштар келип чыккан учурда МИК ААКна кайрылууну суранабыз (Анонимдүүлүккө кепилдик берилет).

"Менин үйүм 2021-2026" программасынын кезектүүлүгүн тизмеси, басыңыз

Тандоо тартибине ылайык, Программага катышууга биринчи кезекте укук төмөнкүлөргө берилчи:

1) 5 же андан көп баласы бар көп балалуу үй-бүлөлөргө;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын камкорчуларына;

3) жашы жете элек баланы/балдарды ата-эненин бири гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлөлөргө;

4) республиканын бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын зоналарында жана чек арага чектеш райондорунда оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жана иштеген жаш адистерге (врачтарга, мугалимдерге, социалдык кызматкерлерге);

5) Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине.

Белгилейбиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 140 токтомуна ылайык, Программага катышууга биринчи кезекте укугу бар жарандардын категориясы “Социалдык ипотека” каржылоо багытына өзгөртүлдү.

“ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН ИПОТЕКА” БАГЫТЫ БОЮНЧА, БИРИНЧИ КЕЗЕК УКУГУНА АРЫЗ БЕРГЕНДЕРДИН ТИЗМЕСИ

“АРЗАН ИПОТЕКА” БАГЫТЫ БОЮНЧА, БИРИНЧИ КЕЗЕК УКУГУНА АРЫЗ БЕРГЕНДЕРДИН ТИЗМЕСИ