0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

Турак жай продукттары

Турак жай продукттары

Ижаралык турак жай

Программанын негизги максаттарынын бири өлкө боюнча турак жайларды куруу болуп саналат. Ушунун негизинде, учурда турак жай фондун көбөйтүү жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Программанын алкагында “МИК” ААК арзан турак жайларды курууга финансылык каражаттарды бөлүүдө. Бишкек шаарында курулуш иштери башталды, курулуштун кийинки этабы өлкөнүн аймактарында улантылат.

Аяктагандан кийин курулган турак жай өнөктөш-банктардын катышуусуз түздөн түз “МИК” ААКнан сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

 

 

Үлүштүк турак жай курулуш

Катышуучулардын тандоо талаптары, анын ичинде өлкөнүн чектеринен сырткары жерлерде иштеген жарандар

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу.

4. Программага катышуу үчүн электрондук арыз МИКтин электрондук порталы аркылуу берилет.

Ипотекалык калькулятор

Сатылып алынып жаткан турак жайдын наркы

сом

500 000

9 000 000

Баштапкы төгүм

сом

Насыя боюнча пайыздык чени (% жылдык)

%

Насыянын мөөнөтү

лет

1 жыл

25 жыл

Насыянын пайыздык чени
Ай сайын төлөм
Насыянын суммасы