Программага катышуучу болуу үчүн өтүнмөнү кантип тапшырабыз?
КАК СТАТЬ УЧАСТНИКОМ ЖИЛИЩНОЙ ПРОГРАММЫ И ПРИОБРЕСТИ ЖИЛЬЕ
Видеоинструкция:
"Менин үйүм" Программасына катышуу үчүн, арыздар ОНЛАЙН түрүндө https://portal.gik.kg шилтемеси аркылуу кабыл алынат.
1. Ачылган баракчада "Каттоо" баскычты басыңыз;
2. Бардык керектүү блокторду толтуруңуз (4 блок), андан кийин - "Сактоо" баскычты басыңыз;
Катталгандан кийин порталда Сизге жеке кабинет ачылат жана сиз жазган номерге убактылуу сырсөз менен SMS жөнөтүлөт;
3. Жеке кабинетиңизге кириңиз, ИННиңизди жана сырсөзүңүздү колдонуп;
4. Андан ары, кызматтар үчүн төлөш керек, жеке эсеп менен сумма "Кызматтарга төлөө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн;
5. Андан кийин катталган профилиңизди ырасташыңыз керек, сиз жана жолдошуңуз жеке маалыматыңызды издөө үчүн макулдукту бериш керексиз;
Жеке маалыматыңызды издөө үчүн макулдук Balance.kg мобилдик тиркеме аркылуу берилет;
•Balance.kg тиркемесин жүктөңүз (жолдошуңуз өзүнчө жүктөйт);
•Balance.kg тиркемесинде онлайн-идентификация процедурасынан өтүңүз;
•Balance.kg “Мам”менюсунда «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» “МИК катто” баскычты басыңыз, жолдошуңуз “МИК: Жолдошунун макулдугу” баскычын басат.
6. Профилди ырастагандан кийин, "Менин өтүнмөлөрүм" бөлүмүндө "Өтүнмө кошуу" баскычын басып, кошумча маалыматтарды киргизип, текшерүү үчүн өтүнмөнү "МИК" ААКна жөнөтүү керек. Өтүнмөнүн статусу "Текшерүүгө жөнөтүлдү" болушу керек
Салыктарды жана КР Социалдык фондуна төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун кызматкерлери жеке кабинетининдеги "Менин документтерим" бөлүмүндөгү иш стажын аныктоо үчүн, акыркы 12 ай үчүн эмгек акысынын маалымкатын жана башка эмгек ишмердүүлүгүнүн бар экендигин тастыктаган документтерди тиркейт.
Мамлекеттик турак жай программаларын тандоо критерийлерине ылайыктуулугун текшерүгө мамлекеттик органдардан электрондук маалыматтарды сурап алуу үчүн жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдук керек. Макулдукту бергенден кийин, мамлекеттик органдардан маалымат суроо үчүн акы төлөнүш керек. Элкарт Мобайл, Элсом, MegaPay, Balance.kg жана РСК 24, О!Деньги, Optima24.
сыяктуу электрондук төлөө кызматтары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бар.