ЖАНЫЛЫКТАР
«Теңир-Тоо жарыгы» турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Жарыяланган датасы: Дек. 16, 2025
Бүгүн Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсү, 220 дарегинде «Теңир-Тоо жарыгы» турак жай комплексинин курулушуна расмий старт берилип, мезгил кутусу салынды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.
Долбоордун жалпы жер аянты 12 миң чарчы метрди түзүп, 23төн 34 кабатка чейинки 4 блоктон турат. Курулчу имараттардын жалпы аянты 86,3 миң чарчы метрди түзөт, максималдуу бийиктиги — 120 метр.
Комплекстин алкагында заманбап соода борбору, мейманкана, коммерциялык жана сервистик жайлар каралган. Ошондой эле 70 метр бийиктикте имараттарды туташтыруучу аэроклуб куруу пландалууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев долбоор шаардын туруктуу өнүгүүсүнө, инфраструктуранын кеңейишине жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталганын белгилеп, курулушта сапатка, коопсуздукка жана экологиялык талаптарга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
