ЖАНЫЛЫКТАР
Бишкек шаарында жаңы ири көп функциялуу турак жай комплексинин курулушуна старт берилди
Жарыяланган датасы: Ноя. 25, 2025
Бишкек шаарында заманбап талаптарга жооп берген ири көп функциялуу турак жай комплексинин курулушу расмий түрдө башталды. Долбоордун алкагында жалпысынан 14 көп кабаттуу турак жай үйү курулат. Алардын ичинен 10 үй 35 кабаттуу, ал эми 4 үй 40 кабаттуу болуп салынат.
Жаңы турак жай комплексинде жалпы 4 160 батир каралып, жашоочулар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Унаа тыгындарын азайтуу жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында 4 200 унаага ылайыкталган ири жер алдындагы паркинг курулат.
Комплекстин инфраструктурасы кеңири жана көп функционалдуу болот. Жашоочулар үчүн бассейни бар спорт борбору, балдар аянтчалары, теннис спорт жана мини-футбол аянтчалары пландалган.
Ошондой эле социалдык инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулуп, долбоордун алкагында 750 орундуу заманбап мектеп жана 280 балага ылайыкташкан бала бакча курулат.
Бул долбоор шаар тургундарын жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
