0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компанияга «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүү боюнча нускама

Жарыяланган датасы: Июнь 13, 2025

1. Авторизация

Смартфонуңуздагы «Түндүк» тиркемесин ачыңыз жана авторизациядан өтүңүз.

 

2. Кызматка өтүү

  • Башкы беттен «Кыймылсыз мүлкү» бөлүмүнө кириңиз.
  • «МИКке (ГИКке) арыз берүү» кызматын тандаңыз.

 

3. Кызмат менен таанышуу

  • Кызматтын сүрөттөмөсүн кылдат окуп чыгыңыз.
  • «Өтүнмөнү жиберүү» баскычын басыңыз.

 

4. Жеке маалыматтарды текшерүү

  • Жеке маалыматтарыңыз туура экенин текшериңиз.
  • Эгерде баардыгы туура болсо — «Кийинки» баскычын басыңыз.

 

5. Үй-бүлөлүк абалы

  • Эгер сиз үйлөнгөн/турмушка чыккан болсоңуз, үй-бүлөңүз тууралуу маалыматтарды текшерип, «Кийинки» баскычын басыңыз.
  • Эгер сиз бойдок болсоңуз, кийинки кадамга өтүңүз.

 

6. Ишмердүүлүк жөнүндө маалымат

  • Ишмердүүлүк тармагын тандаңыз.
  • Телефон номериңизди жана электрондук почтаңызды текшериңиз (зарыл болсо — оңдоңуз).
  • Билдирүүнү алуу тилин тандаңыз.
  • Бардык талап кылынган макулдуктарга белгисиз коюңуз.

 

7. Жумуш жөнүндө маалымат

  • Иш жериңиз жөнүндө маалыматты толтуруңуз.
  • «Кийинки» баскычын басыңыз.

 

8. Кредиттик продуктту тандоо

  • МИКтин сизге ылайыктуу болгон кредиттик продуктусун тандаңыз.
  • *МИК порталына кирүү үчүн сырсөз ойлоп табыңыз жана киргизиңиз.
  • «Кийинки» баскычын басыңыз.

 

9. Арызды текшерүү

  • Бардык киргизилген маалыматтарды кайрадан карап чыгыңыз.
  • Эгер бардыгы туура болсо — «Арыз берүү» баскычын басыңыз.

 

10. Жубайдын макулдугу (эгер колдонулса)

  • Эгер сиз никеде болсоңуз:
  • Жубайыңызга анын жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдук берүү боюнча билдирүү келет.
  • Ал «Түндүк» тиркемесине өзүнүн аккаунтунун алдында кирип, кызматты ачып, «Жубайдын макулдугу» бөлүмүнө өтүп, «Ооба» баскычын басуусу керек.
  • Макулдук берилгенден кийин, сиз автоматтык түрдө төлөм барагына өтөсүз.
  • Эгер сиз бойдок болсоңуз, сиз дароо төлөм барагына өтөсүз.

 

 11. Кызмат үчүн төлөм

  • Төлөм барагында кызмат үчүн кантип төлөө керектиги боюнча көрсөтмө берилет.
  • Төлөм ийгиликтүү болгон соң барак автоматтык түрдө жаңыланат.

 

 12. Арыздын статусу

  • Төлөмдөн кийин арызыңыздын учурдагы статусу жана кезек номери көрсөтүлөт.