ЖАНЫЛЫКТАР
Бишкекте жаңы турак жай комплекси пайдаланууга берилди
Жарыяланган датасы: Апрель 11, 2025

Бүгүн, Президент Садыр Жапаровдун жеке катышуусунда Мамлекеттик Ипотекалык Компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплекси салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарада жашоочуларга батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Жаңы комплекс Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн 102/1 дарегинде жайгашкан. Жалпысынан жаңы турак жайда 612 батир бар: 216 бир бөлмөлүү, 216 эки бөлмөлүү жана 180 үч бөлмөлүү батирлер.
Салтанаттуу иш-чара учурунда Садыр Жапаров:
“Мен турак жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам”, — деп белгиледи.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы акыркы жылдары жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо багытында активдүү иш жүргүзүп келет.