0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

"Топтомо ипотека" – жеткиликтүү турак жайга карай ишенимдүү кадам

Жарыяланган датасы: Янв. 23, 2025

Мамлекеттик ипотекалык компания жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу миссиясын ишке ашырууда. Бул үчүн компания каржы институттары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Элдик Банк» ААК менен биргеликте «Топтомо ипотека» социалдык программасы ишке киргизилди.

Программанын артыкчылыктары: 
"Топтомо ипотека" ар бир кыргызстандык үчүн турак жай сатып алууга ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды сунуштайт.

"Топтомо ипотека" кандай иштейт?
    1.    Капитал топтоо: Алгач турак жай баасынын 30% "Элдик Банк" ААКтагы атайын эсепке топтоо зарыл. Минималдуу мөөнөт – 6 ай.
    2.    Насыя алуу:
"Элдик Банк" ААК турак жайдын 20%ын 10% жылдык үстөк менен 5 жылга, күрөөсүз берет.
    •    Мамлекеттик ипотекалык компания турак жайдын 50%ын 8% жылдык үстөк менен 15 жылга чейин каржылайт.

Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз – сиздин үйүңүз!
"Топтомо ипотека" – бул ар бир жарандын өз турак жайына ээ болушу үчүн ишенимдүү чечим. Минималдуу чыгымдар менен кыялдагы үйүңүзгө жетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!