0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компания Элдик Банк менен биргеликте «Топтолмо ипотека» долбоорун ишке киргизди

Жарыяланган датасы: Окт. 18, 2024

Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана Элдик банктын жетекчилери кызматташуу боюнча башкы келишимге кол коюп «Топтолмо ипотека» долбоорун ишке киргизишти.

Долбоор мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн калкын турак-жай менен камсыз кылууга багытталган. Топтолмо ипотеканын негизги артыкчылыктары – бул эң жагымдуу пайыздык чендер жана каттоонун жеңилдиги. Кредит алуунун жеткиликтүүлүгү ийкемдүү шарттарда, ачык-айкын жана мамлекеттик кепилдик менен көптөн күткөн турак жайга акча топтоо мүмкүнчүлүгү аркылуу жөнөкөйлөштүрүлөт.

Бул программанын алкагында керектүү документтерди чогултуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлүп, ипотека алуу босогосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

Алгачкы төлөм - мүлктүн наркынын 30% - жаран тарабынан банкта топтолот, график боюнча аманат эсебин ай сайын (кеминде 6 ай) толуктап турат, аны системалуу түрдө толуктоо сиздин кредиттик жөндөмүңүздү ырастоочу негизги факторлордун бири болот. Андан кийин банк сизге күрөөсүз турак жайдын баасынын 20% өлчөмүндө 5 жылга жылдык 10% менен насыя берет. Калган 50%ды 8% менен Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясына 15 жылга аласыз.

Белгилей кетсек, «Топтолмо ипотека» долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен мамлекеттик турак-жай программасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана өлкөдө жана чет өлкөдө жашаган жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.