0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

БАТКЕНДЕ ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУЧА САЛЫНДЫ

Жарыяланган датасы: Окт. 12, 2024

Баткен шаарынын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинде ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутучасын бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев салды.

Бул жерге 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар. Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.

Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 32 744 батирдин курулушу башталган. Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөйт.