0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖКнын “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык тобу Жалал-Абадда ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышышты

Жарыяланган датасы: Окт. 4, 2024

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттык тобу Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан көчмө жыйындын алкагында Жалал-Абад шаарында жана курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышышты.

Көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаттары, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев, «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов жана жергиликтүү жетекчилер катышты.

Бул үйлөр колдонууга берилгенден кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында жарыяланган электрондук кезек менен «Менин үйүм» турак жай программасынын катышуучуларына ипотекага 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө берилет. Ал эми батирдин 50% каражатын төлөгөндөргө “Үлүштүк курулуш" механизми аркылуу 8% чен  15 жылга берилет.

Көчмө жыйындын катышуучуларына ипотекалык үйлөрдүн курулушу, сапаты жана элге ипотекага берүү шарттары тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев баяндама жасады.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутаттар курулуш объектилер боюнча бир катар маселелерди такташып, муну менен катар Жалал-Абад шаарында турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандардын санына кызыгышты.

Эсиңиздерге сала кетсек, учурда республика боюнча 20 714 батирдин курулушу башталган. Дагы 20миңдей батир курулушу пландалып, Мамлекеттик ипотекалык компания 2030-жылга чейин 40 миңдей үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну көздөйт.