0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

МИКтин жетекчилиги Жалал-Абад шаарында жарандар менен жолугуп суроолоруна жооп берди

Жарыяланган датасы: Окт. 3, 2024

Жолугушуунун журушүндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берип, учурда элдин маалымат алуудагы көйгөйүн чечип, кеп-кеңеш берүү үчүн компаниянын адистери аймактарга байма-бай жиберилип жатканын айтты.

Ошондой эле Темиркул Балтабав 1-4-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан адистердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, жаңы ачылган кеңсенин иши менен таанышты.

Кошумчалай кетсек, жакында ар бир облуста Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүктөрү ачылып, жергиликтүү жарандарга ипотека тууралуу кеңири маалыматты жеринен алууга шарт түзүлөт. Учурда бул багытта тиешелүү иш аракеттер көрүлүүдө. Облустарда өкүлчүлүктөр иштеп баштаганда кошумча маалымат беребиз.