0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамипотекалык компанияда мамлекеттик тил күнүн салатанаттуу майрамдашты

Жарыяланган датасы: Сен. 23, 2024

“Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100, “КР мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынганынын 35 жылдыгына арналган “Улут болсом, тилим менен улутмун!” деген ураандын алдында иш-чара өткөрдү. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Президентинин Иш башкаруучусунун орун басары Т.А. Жунушев, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы А.И.Супатаева, КР Эл артисти Ю.И.Бобков, “Кыргыз тил” коомунун президенти Р.Р.Курбанов, “МИК” ААКнын төрагасы Т.А.Балтабаев, орун басары Н.М.Баясов ж.б. катышты.
Иш-чара мамлекеттик гимн менен башталып, конокторго мамлекеттүүлүктүн тарыхын чагылдырган тасма баян көрсөтүлдү. Андан соң Мамлекеттик тил гимни жаңырып, кызматкерлердин көркөм окуусу, макал-лакап, жаңылмач айтышуусу, ыр-бийлери менен коштолду. Өлкөдө тынчтык, кампада дан, дасторкондо нан болсун деген тилекте, улуттук дасторкон (этно-фуршет) даярдалды.
Соңунда иш-чарага күбө болгон коноктор калыс пикирлерин, алкоолорун билдирип, “МИК” ААКнын төрагасы Балтабаев Темиркул Абдывахапович кыргыз тилинин өнүгүшүнө ак ниеттүүлүгү менен зор салым кошуп, иш-чарага активдүү катышкан кызматкерлерге Ардак баракчаларды тапшырды.