0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

БИШКЕКТЕ КУРУЛУП ЖАТКАН ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Жарыяланган датасы: Сен. 11, 2024

Президенттин Иш башкаруучусунун оорун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев жана «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматовдор Малекеттик курулуш агентигинин адисттери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатын текшеришти.

Быйыл колдонууга бериле турган объекттеги батирлердин ички ремонту кандай жүрүп жаткандыгын көрүп, колдонулуп жаткан курулуш материалдардын сапатына  да баа беришти.

Көп кабаттуу үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, тиешелүү мекемелер курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз мониторинг жүргүзүп турат. Ошондой эле материалдардын сапаты атайын лабораторияда текшерилет. Курулуш иштерине өлкөдөн чыгарылган жана чет өлкөдөн алынган шайкештик сертификаттары бар материалдар колдонуулууда. 

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат, өлкө аймагында дагы 16 351 ашуун батирдин курулушу башталат. Жалпысынан турак жай программасынын алкагында 40 миңдей батирдин курулушу пландалган.