0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Темиркул Балтабаев «Мурас» турак жай комплексине барып курулуш иштеринен кабар алды.

Жарыяланган датасы: Июль 27, 2024

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында Маликов 91 дарегинде курулуп жаткан «Мурас» турак жай комплексине барып курулуштун жүрүшүнөн кабар алды. Ипотекалык үйлөрдү куруп жаткан «Кыргызстройсервис» мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов быйыл күз айларында колдонууга бериле турган батирлердин ички ремонт иштери менен да тааныштырды.

«Мурас» турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш 3 этап менен жүрүп, былтыры жазында биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу башталган. Бул үйлөр ушул жылдын IV кварталында пайдаланууга берилет. Ал эми курулуштун экинчи этабы ушул жылдын май айында башталды.

Мурас комплекси, көп функционалдуу болуп бул жерге көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдөн сырткары мектеп, бала бакча, комплекстин ичинде спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, дарыкана, соода дүкөндөрү болот. Андан сырткары турак жай комплекстин автономдуу от казанын куруу иштери да башталды. От казан көп кабат үйлөрдү жылуулук жана жылуу суу менен камсыздайт. Мурас комплдексинде үйлөрдүн кабаттуулугу 18-24 болгондуктан үстүңкү кабаттарга сууну жетиштүү деңгээлде камсыздап тартып берүү үчүн насостук станция куруу иштери да жүрүп жатат.

Темиркул Балтабаев курулуш объектти кыдырып чыгып курулуш жана ремонт иштерин тездетүүнү жана сапатына жакшы көңүл бурууну тапшырды.

«Мурас» комплексинде көп кабат үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору болуп эсептелет.

Эске сала кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат, өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жалпысынан турак жай программасынын алкагында 30 миңдей батирдин курулушу пландалган.