0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси курулуш материалдардын сапатын текшерди

Жарыяланган датасы: Июль 23, 2024

      Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов менен биргеликте курулуш кампага барып ипотекалык үйлөрдүн курулушунда колдонулуп жаткан курулуш материалдардын жана башка жабдыктардын сапатын текшерди.

     Курулушта колдонулуучу материалдар жана жабдыктар ушул кампага келип, курулуш объекттерден келип түшкөн заявкага ылайык жөнөтүлөт. Быйыл колдонулууга бериле турган турак жай комплекстин автономдуу жылытуучу системасы жакынкы күндөрү кампага келип түштү. Жылытуучу системанын сапаты текшерилип, орнотууга даяр турат. Андан сырткары, чет өлкөдөн өндүрүүчү ишкана менен түзүлгөн келишимдин негизинде сапаттуу жана кепилдиги бар лифттер буюртма менен келип, орнотуу иштери башталган.
Темиркул Балтабаев курулуш материалдарды жана жабдыктарды текшерип чыгып, жоопкер адистерге сапатын катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
      Эскерте кетсек, өлкө боюнча ипотекалык үйлөрдүн курулушун «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы жүргүзүп жатат. Ишкананын жетекчиси Алмаз Акматовдун айтымында,  учурда баардык курулуш объектилерде иш кызуу жүрүп, кээ бир объектилерде иш күнү-түнү уланып, быйыл колдонууга берилүүчү батирлердин ремонт иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтты. Батирлерге суу түтүктөрү жана башка коммуникациялар киргизилип ички ремонттун да сапатына дыкат көзөмөл жүргүзүлүүдө