0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Жалал-Абаддагы курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапаты текшерилди

Жарыяланган датасы: Июль 22, 2024

     Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев жана «Кыргызстройсервис» ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматовдор Жалал-Абадагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алышты. 

     Курулуш иштери менен жеринен таанышып, быйыл колдонууга бериле турган объекттеги батирлердин ички ремонту кандай жүрүп жаткандыгын көрүп, курулуш материалдардын сапатына да баа беришти.

        Каныбек Туманбаев ипотекалык үйлөрдүн курулушу Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, курулуш иштердин темпин тездетип мерчемделген убакытка ипотекалык үйлөрдүн даяр болуш керектигин айтты.

        Белгилей кетчү жагдай, тиешелүү мекемелер курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз мониторинг жүргүзүп турат. Колдонулуп жаткан курулуш материалдардын сапаты атайын лобараторияда текшерилет жана курулушта сапаттуу гана материалдар иштетилип жатат.

    Эске сала кетсек, 17-июль Ош жана Талас шаарларында ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутусу салынды. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аты аталган турак жай программанын алкагында өлкө боюнча дээрлик 30 миң батирдин курулушу пландалган.