0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Талас шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды.

Жарыяланган датасы: Июль 17, 2024

         Талас шаарында Алымкулов көчөсүндө “Тынчтык-Ордо” турак жай комплекстин курулушу башталды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев  ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутусу салып жатып Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн баардык аймактарында көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулуп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

         «Биз жакынкы жылдары баардык областтарда көп кабаттуу үйлөрдү куруп үйгө муктаж болгондорго ипотекага беребиз. Жарандардын үйгө болгон муктаждыгы этап этабы менен чечебиз», – деди К.Туманбаев.

         Турак жай комплексте 5 кабаттан турган 10 блок үйдүн курулушу пландалган жалпы 310 батир курулат. Жердин аянты 2 гектар.

         Курулуштун сапаты Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп тиешелүү мамлекеттик мекемелер да тынымсыз мониторинг жүргүзүп, курулушта иштетилип жаткан материалдар атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат.

        Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8  пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

        Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жалпысынан «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 29миңден ашуун батирдин курулушу пландалган.