0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Ош шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушуна старт берилди.

Жарыяланган датасы: Июль 17, 2024

        Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы "Асман резиденс №1 Ош" турак жай комплекстин курулушу башталды. Ипоткалык үйлөрдүн мезгил кутусун Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев салды.

      Бул жерге 12 кабаттан турган 8 үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 528. Долбоордо көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты1,3 гектар.

        Курулуштун сапатын тиешелүү мамлекеттик мекемелер тынымсыз мониторинг жүргүзүп, курулушта иштетилип жаткан материалдар атайын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Андан сырткары Президент Садыр Жапаров да жеке көзөмөлүнө алган.
        Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер турак жай программасынын катышуучуларына Мамлекеттик ипотекалык компаниянын порталында электрондук кезекте тургандарга кезек менен 4 жана 8 пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.
       Эске сала кетсек, учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351 батирдин курулушу башталат. Жогоруда аты аталган турак жай программанын алкагында 29 миңден ашуун батирдин курулушу пландалган