0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Мамлекеттик ипотекалык компания «Топтолмо ипотека» багыты боюнча депозиттерди кабыл алуу баштаганын маалымдайт.

Жарыяланган датасы: Июль 15, 2024

Мамлекеттик Ипотекалык Компания «Топтолмо ипотека» жаңы продуктусу боюнча депозиттерди кабыл алуу башталгандыгы тууралуу  кабарлайт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Топтолмо ипотека» социалдык долбоорун ишке ашыруудагы өнөктөшү Элдик Банк баштапкы төлөмдүн суммасын – турак жайдын наркынын 30% кем эмес өлчөмүндө топтоо үчүн депозиттерди кабыл ала баштады.

«Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын катышуучулары турак жайдын наркынын 30% кем эмес баштапкы төлөмдү банкта чогултуп баштаса болот.

Программага катышуунун тартиби:

  1. МИКке арыз берүү. Мамлекетти ипотекалык компаниянын электрондук порталына катталып, турак жай программага катышуу үчүн арыз беришет. Ипотекалык компаниянын адисттери жарандын арызын программанын талаптарына ылайык келүүсүн текшерип, жактыруу же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

 

  1. Банкка депозит ачуу. Арыз жактырылгандан кийин кардар депозиттик эсеп ачуу үчүн Элдик Банктын филиалына кайрылат.

 

  1. Депозит салыңыз. Кардар банктык эсепке акча каражаттарын графикке ылайык батирдин баасынын баштапкы төлөмү – 30%дан кем эмес өлчөмүндө чогултат. Депозитти системалуу түрдө толуктоо кардардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган негизги факторлордун бири болуп саналат.

«Топтолмо ипотека» ипотекалык продуктусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн калкын, анын ичинде эмгек мигранттарын «Үлүштүк курулуш» механизми аркылуу жеңилдетилген шарттарда, мамлекеттик колдоо менен турак жайлуу кылуу.

Толук маалымат алуу үчүн Элдик Банктын жакынкы филиалына же Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине кайрылыңыз.