0772 98 89 01 0552 98 89 01 0312 56 01 16

ЖАНЫЛЫКТАР

ЖАНЫЛЫКТАР

Бишкекте дагы бир турак жай комплекстин мезгил кутусу салынды

Жарыяланган датасы: Июль 5, 2024

           Бишкек шаарында Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы турак жай комплексинин курулушу башталды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн турак жай комплекстин мезгил кутусун салды.

                Жердин жалпы аянты 12,80 гектарды түзүп, бул жерге көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат. Көп функционалдуу турак жай комлексинде 9 кабаттан турган 51 блок үйдүн курулушу каралып, батирлердин саны жалпы саны 2990.

     Турак жай комлексинде көп кабаттуу үйлөрдөн сырткары мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, соода дүкөндөрү, коомдук тамактануучу жайлар каралып, турмуш тиричиликке керектүү баардык коммуникациялар пландалган.

        Үйлөр курулуп бүткөндө «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15, 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.

        Эске сала кетсек, өткөн жуманын соңунда Нарын облусунун Кочкор айылында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутучасы салынды.

         Бүгүнкү күнү, республика боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында өлкөбүздүн ар бир аймагында 16 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда.